www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу акыркы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 10-бөлүмүнө экинчи жолу суракка кирип баратканын «Азаттыка» билдирди.

Ал 15-сентябрда да суракка алынганын, анда кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы окуялар боюнча суроолор болгонун айтты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тактоого убада берди.

14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, Лейлек району жана Баткен облусунун үч айыл өкмөтү анклавда калып калуу коркунучунда турганын айткан. Ошондой эле кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган жерге тажик тарап таш төгүп, пост курганы жатканын билдирген.

14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаган. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары ошол аймакка чогулушкан. Чатактын алдын алуу максатында эки мамлекет ортосундагы чек араны кайтаруу күчөтүлгөн тартипке өткөн.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы бүгүн, 16-сентябрда тараткан маалыматка караганда, Тажикстан Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) жергесиндеги такталбаган кыргыз-тажик чек ара тилкесинин аймагында кыргыз тарап менен макулдашылбаган курулуш иштерин жүргүзүүнү улантууда.

16-сентябрда Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдарынын жана Лейлек районунун Лейлек айыл аймактарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары менен облус жетекчиси Акрам Мадумаров жолугушту, деп Азаттык жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости