www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраевдин буга чейинки Россия Федерациясынын энергетика министри Сергей Цивилев жана Татарстан Республикасынын өлкө башчысы Рустам Минниханов менен болгон тыгыз кызматташтыктын  жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, Борбор Азия боюнча биринчи жолу энергетикалык заманбап, адистештирилген окуу борбору жана окуу-машыгуу полигону Кыргызстандын Каракол шаарында курулганы турат. Бул демилге энергетика министри Т.Ибраев тарабынан көтөрүлүп, ири долбоорго жол ачылды.

Белгилей кетсек, бул долбоорду ишке ашыруу боюнча маанилүү келишимге Татарстан Республикасынын Казань шаарында «Сетевая компания» ишканасынын башкы директору Ильшат Фардиев жана «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев кол коюшкан. 

Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн ыкчам аракеттер көрүлүп, 13–14-апрель күндөрү Татарстан тараптан адистер келип, «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын филиалдарын кыдырып, окуу борборун, окуу-машыгуу полигонун жана электр жабдууларын чогултуучу цехти курууга ылайыктуу жерлерди жеринде иликтөөдө. 

Окуу борбору өзгөчө мааниге ээ, анткени жаш адистер теориялык билим менен чектелбестен, окуу-машыгуу полигонунда заманбап жабдуулар жана жеке коргоочу каражаттар менен чыңалуу алдында иштөөнү үйрөнүп, реалдуу практикалык тажрыйба топтой алышат. 
Мындан тышкары КРУН, КТП жана электромобилдерди заряддоочу станцияларды чогултуучу биргелешкен цех куруу пландалып жатат, бул Кыргызстанга жаңы технологияларды алып келип, өндүрүш мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. 

Долбоор ишке ашса, Кыргызстан Борбор Азиядагы энергетика тармагында билим берүүчү негизги борборго айланып, Казакстан, Тажикстан, Түркменистан жана Өзбекстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдүн жаш адистери келип, бул жерде квалификациясын жогорулатышат. 
Натыйжада өлкөдө кадрлардын сапаты өсүп, энергетика тармагы коопсуз жана заманбап деңгээлге көтөрүлөт. Бул долбоор — жөн гана курулуш эмес, бул Кыргызстанды аймактык лидерге айланта турган стратегиялык кадам болуп саналат.
 

Последние новости