www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, соттолгон жарандардын депутат болушуна жол берилбейт. Ошол себептен коомчулукта депутат Данияр Төлөновго байланыштуу айтылып жаткан маалыматтар олуттуу суроолорду жаратууда.
Дегенибиз, айрым маалымат булактарында Данияр Төлөновдун жаш кезинде контрабанда ишине байланыштуу кармалып, чет өлкөдө жаза өтөгөнү тууралуу кабарлар жарыяланып, Ички иштер министрлиги кайрадан тыкыр иликтөө кылышы зарылдыгы айтылууда.
Коомчулукта тарап жаткан маалыматтарга көңүл бура турган болсок, эгер бул фактылар чын болсо, анда анын депутаттык мандатынын мыйзамдуулугуна укуктук баа берилүүгө тийиш. Себеби, тиешелүү органдар чара көрбөсө, мындай көрүнүштөр мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Ошондуктан, ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту сактоо максатында бул маселеге юридикалык баа берилип, чекит коюлушу зарыл.