www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги борбордук мечит бузулуп, ордуна жаңысы салынат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан (КМДБ) билдирди.
Маалыматта ылайык, Москва/Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечит бир айдын ичинде бузулат, мындай чечим бир-эки күн мурун кабыл алынган.
"Биз эски мечиттин ордуна сыйымдуулугу көп жаңысын салабыз. Эски мечит 5 миң адамга ылайыкталган, жаңысы 10 миң кишилик болот. Андан тышкары, шаардагы унаалардын көптүгүн эске алып, жер астындагы унаа токтотуучу жай да каралмакчы", - деп билдиришти муфтияттын басма сөз кызматынан.
КМДБдан учурда имараттын долбоору иштелип жатканын, бирок муфтият имараттын дубалдарына кыргыз колоритин, башкача айтканда, оймо-чиймелерди түшүрүүнү караштырып жаткандыгын кошумчалашты.
"Бузулгандан кийин жаңы мечитке дароо капсула салынат. Жаңы мечит бир гана демөөрчүлөрдүн каражатына салынат", - дешти муфтияттан.
Бирок муфтият жаңы борбордук мечиттин курулушуна канча акча керектигин, аны кимдер бере тургандыгы тууралуу маалымат тараткан жок.
Булак: NazarNews.kg