www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евразиялык экономикалык форумда канча документке кол коюлду?

Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумда 17 документке кол коюлду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын расмий өкүлү Ия Малкина брифингде билдирди.

Ал уюштуруучуларга жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарына форумга жооптуу мамиле кылып, кылдат уюштурганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Малкинанын айтымында, форумдун алкагында 39 иш-чара өтүп, 21 тематикалык сессияда талкуу жүрдү. Жыйынтыгында ар кайсы багыттагы 17 программа боюнча кызматташууга кол коюлду. Анын ичинде:

"Агроэкспресс" айыл чарба продукцияларын ташууну тездетүү боюнча темир жана мультимодалдык долбоорду ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биргелешип ишке ашыруу кызматташтыгы жөнүндө меморандум. Ал долбоордун арты менен Кыргызстан биринчи болуп Россияга айыл чарба продукцияларын экспорттойт;

ЕЭК менен Евразия элдеринин ассамблеясы 2025-жылга чейин стратегиялык өнөктөштүк программасына кол койду;

Евразия өнүктүрүү банкы менен Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги санарип трансформация жаатында долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашыруу меморандуму;

ЕАЭБ өлкөлөрү интернет-соода тармагында кызматташууга макулдашты, электрондук соода аянтчасын жана сатып алуу системасын өнүктүрүү жүнүндө макулдашуу;

Евразиялык тармактык университеттерди түзүү жана жогорку окуу жайлар консорциумун негиздөө жөнүндө макулдашуу;

Эт продукциясындагы соода үчүн бирдиктүү экосистема түзүүгө макулдашуу.

ЕЭКтин расмий өкүлү форумга 25 өлкөдөн 2,5 миң адам катышканын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн 50дөн ашуун компаниясы товарларын көргөзмөгө койгонун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости