www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борис Джонсондун Киевдеги видеосу жарыяланды

Улуу Британиянын премьер-министри 9-апрелде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу үчүн Киевге Варшавадан поезд менен келип, ошол эле жол менен кеткен.

The Independent гезити поездде бараткан британ премьер-министри украин темир жолчуларына кайрылуу жасаган видеону жарыялады.

«Мен Польшадан Киевге бара турган укмуштуудай Украина темир жол поездиндемин» деди Джонсон.

Ал компаниянын кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, аларды «темир адамдар» деп атады.

The Independent гезити макаланы мындай деп атады: «Борис Джонсон Киевге кантип келди? Премьер-министр Украинага жашыруун поезд менен барды».

Маалым болгондой, темир жолдор Украинадан жалгыз ишенимдүү транспорттук каттам экени, анткени өлкөнүн асманы жүргүнчү учактары үчүн жабык, жолдор тосулганы белгиленген.

«Бир нече европалык лидерлер, анын ичинде Польша, Словения жана Чехия парламенттеринин депутаттары, Европарламенттин башчысы (Роберта Мецола]), Еврокомиссиянын президенти (Урсула фон дер Лейен), Австриянын канцлери (Карл Нехаммер. ), буга чейин Киевге поезд менен келишкен», - деп айтылат билдирүүдө.

Джонсон 9-апрелде Киевге барган. Ал Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугуп, өлкөгө 120 бронетехника жана кемеге каршы системалар түрүндө аскердик жардам көрсөтүүгө, ошондой эле Дүйнөлүк банктан кошумча 500 миллион доллар кредиттик кепилдик берүүгө убада кылды.

Зеленский Британиянын премьер-министри Орусиянын аскерий операциясы аяктагандан кийин Киевди жана Киев аймагын калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости