www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбай-баатыр бугу уруу тайпасынын кол башчысы

Балбай Эшкожо уулу (1813-1867) - бугу уруу тайпасынын кол башчысы. Көл өрөөнүн сырт душмандардан биротоло тазалоого жетишкен. Орус империясына ачык каршы чыгып, баскынчылардын колунан набыт болгон.

Рыскул Жолдошев - тарых илимдеринин кандидаты: Балбай тууралуу маалыматтар санжырада, Балбайдын арманы деген кошок сыяктуу эл ичине тарап кеткен көркөм чыгармаларда, анан Балсайдын орустар менен мамилесин тастыктаган архивдик документтерде бар. Балбайдын туулган жылын тактоодо Белек Солтоноевдин кол жазмасы менен машинкага басылган вариантынын ортосунда техникалык ката кетип калган.

Алтымыш үч жашымда, Ормонду сойдум жашында, - деп "Балбайдын арманы" деген ырды Белек Солтоноев өзү да жыйнап, кол жазмалар фондуна киргизген. Анда минтип жазылып турат:

Алтымыш үч жашында,

Ормонду сойдум башында.

Аттанып Ормон келгенде,

Мен кырк эки жашымда, - деп. Өзүнүн жашына чейин жазылып турат. Кол жазманын өзүн окубай эле, машинкага басылган вариантын алып, ошондон ката кетип калган.

Балбайдын жашы Ормондун жашы менен тең болуп калган. Сөздүн мааниси Ормон 63 жашта болчу, мен 42де болчумун деп турат. Архивдик документтерди карап көрсөм, орустар казактардыкындай кылып султандык система киргизебиз деп жатканда 1862-жылы Балбайдын жазган каты бар.

Боромбай өлгөндөн кийин бугу уруусунун башкы бийи кылып анын баласы Өмүрзакты шайлаганда эл нааразы болуп, Шапак уруусу, Меңмурат уруусу, Бирназардын балдары болуп талаш болуп калганда, ошондо өзүнүн жазган каты бар экен өз колу менен жазган, Шапактын балдарына кошулуп, Качыбек Шералы уулун башчы кылып бергиле деп.

Ошондо Белектин он уулунун эң аксакалы Качыбек дейт, мен эң кенжесимин дейт башчылардын арасында. Силерден көп суранам, ушул Качыбекти башчы кылып шайлап бергиле, ал кишинин эмгеги чоң деп. Качыбек Шералы уулу болсо 14 жашында Омскиге барган. Омски шаарына ал 1814-жылы барган болсо, демек ал 1800-жылы туулган болот. Демек, Балбай 1800-жылы туулган кишиден кичүү болуп атпайбы.

Биздин Академиянын кол жазмалар фондунда Балбай тууралуу эл оозунан жыйналган маалыматтар бар. Нукура кат-сабатты билбеген абышкалар айтып берген маалыматтар да.

1921-жылы Мифтаков жазып алыптыр Байдан уулунан. 1923-жылы Белек Солтоноев өзү жазган кол жазмасы бар экен. 1925-жылы Садык уулу дегендин оозунан Мамыркан уулу деген жазып алган экен.

1927-жылы Боркобай уулунан Карасаев жазып алыптыр. Ушул кол жазмалардын баарында Балбай Ысык-Көлдө 1812-13-жылдары туулган деп айтылат. Белек Солтоноев жазып жатат 1812-жылы Балбай туулганда ак челге оронуп түшкөн деп. Садык уулунуку болсо 1813-жылы туулганда той берилгени тууралуу жазылат. Демек Балбай баатыр 1813-жылдын тегерегинде туулган.

Дөөлөтбек Сапаралиев - тарых илимдеринин кандидаты: Балбай-баатыр кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн жаркын инсан. Анын эмгегин элге ачыктап берүүгө татыктуу инсан. Мааракесин өткөрүүнү да мен колдойм. Балбай башында орустар менен мамиле курганга каршы деле болгон эмес. Бирок кийин алардын ыплас иштерин байкап, алардын кирип келүү аракеттерине каршы тура баштаган.

1863-жылы февралда Балбай Тилекмат Жылкыайдар уулу менен бирге орустардын 3-даражадагы чепкени жана Станислав тасмасындагы моюнга салынып жүрүүчү чоң күмүш медалы менен сыйланыптыр. Ысык-Көлдүк кыргыздар 1855-жылы Орусиянын курамына киргени тууралуу ант беришкен.

Ал эми реалдуу түрдө орустардын бийлик жүргүзө баштаганы 1863-жыл. Көл кылаасынын калкын эсеп-чотко алып, административдик түзүмдөрүн түзгөн. Каракол шаары негизделген. Ошондо Балбай чоңдордун ичинде болуп, ушундай сыйлыктарга татыган. Бирок бара-бара орустардын жүзүн көргөн соң бул киши алардан иренжий баштаган.

Бирок ошол кезде Чыгыш Түркстанда Якупбектин Жети шаар деген мамлекетинде абал курчуй баштаган. Орустар ошол тараптагы черик урууларын кошуп алууга аракет жасашкан. Алар өздөрү да кат жазышкан. Ошол окуялар өөрчүп, Балбай орустардын берген чепкенин албай, Кытайга кетип калган. Мына бул документте "Бул чепкенди Балбай Кытайга ооп кеткендиктен биз ага берген жокпуз", - деп жазылып турат. Муну ортосунан чийип койгонуна караганда чепкенди башка бирөөгө беришкен.

Балбай Якупбек менен мамиле түзө баштайт. Балбайдын, Тилекматтын, казактын Шооругунун Якупбек менен болгон мамилелерин баамдап калышат да, Полторацкий деген полковник 1867-жылы Дуралы, Балбай деген кишилерди туткундашып, Нарынколдон Верныйга алып келишет.

Анан Балбайды уу сыйпап өлтүрө албай, устарага уу сүртүп чачын алып жатып өлтүрдү деген нерселер кетет. Анын арманы, түрмөдөгү баатырдыгы тууралуу сөздөр айтылат.

Кусейин Исаев - профессор: 1992-жылы Балбай баатырдын мааркесин өткөрүү алдында белгилүү жазуучубуз Эрнис Турсуновду Балбай баатыр жүргөн жерлердин баарына алып барып, архивдик документтер менен камсыз кылып, "Балбай" аттуу көлөмдүү роман жазышын уюштурган Үмөт Асымбеков деген агабыз бар. Маараке да ошол кишинин уюштуруусу менен жогорку деңгээлде өттү эле.

Ооба, 1850-жылдары орустар алгач келе баштаганда Балбай баатыр алар менен мамиле түзүүгө каршы болгон эмес. Бирок Семёнов-Тянь-Шаньский, Пржевальский сыяктуу чалгынчылар келип, кыргыздын жакшы жерлеринин баарын орус келгиндерине ээлетүү саясатын, өздөрүнө болсо жапайыларга жасагандай текебер мамиле жасап, кээде ууга чыкканда кийик таппай калса кыргыздарды атып канагат алган учурларын көрген соң аларга чечкиндүү каршы турган.

Балбай бир эле уруунун эмес, жалпы кыргыз элинин азаттыгы, эркиндиги үчүн күрөшкен. Аны Верныйга алып барып камап, ууландырып өлтүрө албай койгондо атып өлтүрүшкөн деген маалыматты да уккам.

Кийин бугунун адамдары барып, сөөгүн этинен ажыратып алып, азыркы күмбөзү турган жерге алып келип койгону белгилүү.

Жангороз Каниметов - педагогика илимдеринин доктору, профессор: Мамлекет баатырларга карата туура саясат, туура мамиле жасап, алардын аттарын калтырууда болсун, атын даңазалоодо болсун алгылыктуу жалпы бир принциптерди бекитип койсо жакшы болот эле. Колунда барлар өз чоң аталарын баатыр кылышты, бий кылышты

Ал эми Балбай баатыр сыяктуу чыныгы баатырлар тийиштүү баасын албай келатат. Балбай баатырды Боромбайсыз айтуу тузу чыкпай калгандай болот. Балбай баатырга 200 жыл болсо, эмики жылы Боромбай бийге 235 жыл толот.

Боромбай бий 1811-жылы 32 жашында Бирназар бий каза болгондо бийликке келет. Ошентип, 1858-жылга чейин, 47 жыл башкарып турган. Балбай баатырдын заманы өтө катаал, татаал мезгилге туура келген. Ал 12 жашынан колуна курал алып элди коргоо ишине аралашкан.

Ошо кездеги Кокон хандыгынын кысымы, Орусиянын, жунгарлардын, кытайлардын кысымы, уруулардын согушу, таламай сыяктууларга туруштук бере алган Балбай баатыр болгон. Ага өз доорунда эле баатыр деген наам берилген. Ал Боромбай бийдин аскер башысы болуп кызмат кылган. Боромбай менен Балбай абдан жакын болгон бири бирине.

Карама-каршылыктар Боромбай өлгөндөн кийин башталган. Балбайдын орустарга көз карашы өзгөргөн. Боромбайдын тирүүсүндө Орусияга ыктоого карата кабыл алынган багыт балким туура эле болгондур.

Бирок 1863-жылдан тарта оторчулардын келе башташы менен кыргыздардын аларга карата көз карашы өзгөргөн. Балбай баатыр жалгыз болсо да орустун саясатына каршы чыгып, Кытайды пааналап кетип калган. Ошентсе да Ысык-Көлдүн баатырлары Балбайга карап турган. Аны жалгыз деп кесе айтуу да мүмкүн эмес.

Ошентип Балабай элин сактаган, жерин сактаган. Жылкы тийип турган коңшу казактардан коргоп турган. Балбай баатырды улуттук баатыр катары да карасак болот. Бүгүнкү Ысык-Көлдүн кыргыздыкы болуп калышы да Боромбай менен Балбайдын эмгеги.

Ошондуктан алардын ошол доордогу орду абдан чоң, балким теңдешсиз деп айтсак да болот. Азыр баарыбызга белгилүү болгон акелер, мындайча айтканда, акылмандар институту. Боромбай мына ошол акелерди уккан, ар нерсеге пайдаланган.

Мыктыларын элчи кылып, ар кайсы тараптарга жиберген. Орусияга, казакка. Тилекматты, Качыбекти, мисалы. Боромбай елгөндө кийин Сарт аке менен Арстанбекти эч ким карабай калган, сөзүн укпай калган.

Арстанбек 18 жашынан баштап өлгөнгө чейин Боромбайдын ырчысы болгон. Арзыматтай ырчы эмес, теңи жок ырчы болгон. Боромбай өзү да айткан Калыгулдукундай сөздөрдү, жамактарды, ырларды.

Бирок ошентсе да Арстанбектин ролу абдан чоң да. Карагылачы, ырчысы Арстанбек, акылчылары акелер, баатыры Балбай болгон.

Бейшенбек Бекекшов, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости