www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИДПсы жалпысынан 4,1%га төмөндөйт. ТАСС маалымат агенттиги билдирди.

Дүйнөлүк банк Орусиянын ИДПсынын 2022-жылы 11,2%га, Украинада 45,1%га кыскарышын болжолдоодо.

Мындай маалыматтар банктын жекшемби күнү Европа жана Борбор Азия аймагындагы экономикасы боюнча жарыяланган отчетунда камтылган.

"Божомолдор боюнча туруксуздук болуп көрбөгөндөй жогору жана бул Орусиянын Украинадагы согушу кандай жүрүп жатканынан, ошондой эле дүйнөлүк коомчулуктун жообунан көз каранды. Ансыз деле киргизилген санкциялардын күчтүү таасири Орусиянын ИДПсын 2022-жылы 11,2% кыскартат деп күтүлүүдө. Бул көбүнчө ички суроо-талаптын кыскарышынан улам болот", - деп эсептешет ДБ эксперттери. Алар "инвестициялардын кескин кыскарышы 17%га" да күтүлүп жатканын белгилешет.

Алардын айтымында, "Орусия буга чейин бир дагы өлкөгө карата киргизилген эң кеңири макулдашылган экономикалык санкцияларга туш болууда. Орусиянын экономикасына катуу сокку болот жана 2022-жылы терең рецессия күтүлөт. ИДП жакынкы эки жылда 11,2% га кыскарышы күтүлүүдө. Үй чарбалары кризистен катуу жабыркайт жана болжолдоолорго ылайык, кошумча 2,6 миллион адам улуттук жакырчылыктын чегинен төмөн түшөт", - деп билдирет Дүйнөлүк банктын эксперттери.

"Согуштун узактыгына жараша, азыркы жашоо минимумунан төмөн түшкөн калктын үлүшү 2022-жылы 70% жетиши мүмкүн" дешет эксперттер.

"Европа жана Борбордук Азия аймагындагы кошуна өлкөлөр олуттуу экономикалык зыян тартышы мүмкүн, анткени алар Орусия жана Украина менен тыгыз соода, финансылык жана миграциялык байланышта. Орусия энергетикалык ресурстардын жана өнөр жай металлдарынын негизги экспортеру жана Орусия менен Украинанын биргелешкен үлүшү буудайдын дүйнөлүк экспорту 25%дан ашат", - деп белгилейт Дүйнөлүк банк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости