www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Урматтуу министр, айылдан келген ата-энелердин балдарын экинчи сортко айландырбаңыз...” – деди, бүгүн, 11-апрелде белгилүү журналист Алмаз Темирбек.

“Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевдин билим берүү тармагын реформа кылам деген ниети колдоого арзыйт. Бирок, алгач коомду эки катмарга бөлгөн көрүнүшкө бөгөт коюшу керек болуп жатат.

Мына мектепке бара турган балдарды электрондук кезекке тургузуу маселесинде чоң жаңылыштык бар. Азыр социалдык шартка байланыштуу айылдан шаарга иш издеп келип, жан багып жаткан миңдеген үй-бүлөлөрдүн шаарда каттоосу жок. Балдарын электрондук кезекке 27-июнь айында гана тургуза алат экен. Ага чейин шаарда каттоосу барлар гана катталат.

Алар мектептерди тандап бүткөн соң, шаарда каттоосу жок ата-энелер балдарын кезекке тургузуп, балдар толбой калган мектептерге бериш керек экен. Ошондо жакшы мектептерге шаардыктар окусун, алар барбаган начар мектептерге айылдан келген каттоосу жок ата-энелердин балдары барсын деген кантип акылга сыйсын?

Бул жерде балдардын укугу кызылдай эле тебеленип жатпайбы. Турмуш шарттын айынан айылдан келген ата-энелердин балдарын экинчи сортко айландырып жатпайсыңарбы? Койгула мындай бөлгөн жоругуңарды?

Токтоткула кеч боло электе. Кезекке тургузганды чечип, анан мектептерди жетиштүү салып, (бир класска 40-50дөн тыкпай) анан Европа стандарты тууралуу реформаны баштайлы урматтуу министр!?”, - дейт журналист Алмаз Темирбек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости