www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борис Жонсон кайра шайланууга ат салышууда

Улуу Британиянын мурдагы премьер-министри Борис Жонсон өлкөнүн Консервативдик партиясынын жалпы парламенттик шайлоого катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу "Таймс" басылмасы жазып чыкты.

Джонсондун союздаштары жана администрациянын жогорку кызматтагы өкүлдөрү Жонсон жалпы шайлоодо негизги ролду ойной турганын айтышты. Белгиленгендей, экс-премьер-министр шайлоо округдарын кыдырып, сөз сүйлөп, бир катар баяндамаларды жасайт.

Жонсондун азыркы премьер-министр Риши Сунак менен да жакшы мамиледе экени айтылууда.

Маалымат үчүн, Жонсон 2019-жылдын июль айында Консервативдик партиянын шайлоосунда жеңишке жеткенден кийин премьер-министрлик кызматка келген. 2022-жылдын июль айында бир катар чыр-чатактардан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгон.

Эске сала кетсек, буга чейин Джонсон консерватор депутаттар тобунун планы боюнча кайрадан премьер-министр болуп калышы мүмкүн экенин билдиргенбиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости