www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жана «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – депутаттар Дастанбек Жумабеков, Марат Мураталиев, Русланбек Жакышов, Жаныбек Кыдыкбаев, Жылдыз Таалайбек кызы. Мыйзам долбоорлорун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды.

Мыйзам долбоорлору бош кызмат орундарына Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоодо айрым ченемдик укуктук актыларындагы боштукту жоюу максатында иштелип чыккан. Жогорку Кеңеш тарабынан Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүүнүн маанилүүлүгүн эске алып, тиешелүү кызматтар нече талапкерлерди кароодо ар бир талапкер үчүн өзүнчө добуш берүү сунушталууда.

Учурдагы мыйзам ченемдерине ылайык добуш берүү бирдиктүү тизме менен өтөрү белгиленген. Мындан тышкары жыйында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Турак жай кодексине, «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

 

Последние новости