www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ата мекендик жеке коргонуу каражаттарын чыгаруу иштерин тездетүү зарыл. Тиешелүү тапшырма Республикалык ыкчам штабдын жыйынында берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы жазып чыкты.
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал тууралуу отчет берип, эң актуалдуу маселелерди белгиледи.
Кыргыз Республикалык биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, оорунун белгилери жок, илдетти кайдан жуктурганы белгисиз жарандар күн сайын көбөйүүдө.
«Бир жумада эле 31 адамда жуктуруу булагы белгисиз COVID-19 аныкталды. Алардын арасында шаардык базарлардын, банк кызматкерлеринин, ири цехтердин, бала бакчалардын кызматкерлери бар. Бул адамдар Бишкекте коомдук жайларда жуктурган деп болжолдоого болот. Саламаттык сактоо министрлигинин жана Республикалык ыкчам штабдын беткап тагынуу жана социалдык аралыкты сактоо боюнча сунуштамаларына кош көңүл кароо кейиштүү кесепеттерге алып келүүдө», - деди Кубатбек Боронов.
Жыйындын жүрүшүндө штабдын мүчөлөрү медициналык багыттагы, анын ичинде жеке коргонуучу каражаттарды жана медициналык жабдуулар боюнча ата мекендик өндүрүштүн мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселени талкуулашты.
Белгилүү болгондой, учурда жеке коргонуунун каражаттары боюнча тиешелүү сапат стандарты иштелип чыкты. Тармактык мамлекеттик органдарга ыкчам штабдын тапшырмаларын жүзөгө ашыруу боюнча ишти тездетүү милдеттендирилди.
«Чалдыбар - автожол» өткөрмө жайынын ишин камсыздандырууга байланыштуу жүк ташуучу унаалардын айдоочуларын текшерүү алгоритмин так аткаруу боюнча тапшымалар берилди.
Булак: NazarNews.kg