www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык көйгөйлөрдү бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестиция боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кубатбек Боронов ишкерлерге колдоо көрсөтүү жаатында көрүлүп жаткан чаралар жана байкалган ийгиликтерге токтолуп, бизнес үчүн шарттарды жакшыртуу иштери анын жеке көзөмөлүндө экендигин кошумчалады.

Өкмөт башчы кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн ишкердикти текшерүүгө мораторийдин мөөнөтү узартылгандыгы, ишкерлерге салык жеңилдиктери берилип жаткандыгы, бизнес-омбудсмен институту иштеп жаткандыгы, салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча бир катар компоненттер ишке ашырылгандыгы сыяктуу маселелерге бурду.

«Коронавирустук пандемияга байланыштуу, бизнес тармагын максималдуу түрдө колдоо максатында, ресурстардын чектелгендигине карабастан, олуттуу иштер аткарылды. Антикризистик чаралардын пакети кабыл алынып, кабыл алынган чечимдердин көпчүлүгү бизнеске жакынкы келечекке пландарын оңдоого мүмкүнчүлүк берди. 

Андан соң чакан жана орто бизнести, экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды жеңилдетилген насыялоону жүзөгө ашыруу аркылуу колдоону камсыз кылган Иш-чаралардын экинчи пакети кабыл алынды. Бул максаттарга ички жана тышкы булактардан 14 миллиард сом өлчөмүндө каражат тартылган. Калкка, ишкердик субъектилериге кошумча колдоо көрсөтүү жана COVID-19 вирусунун жайылуусунун мүмкүн болгон экинчи толкунуна даярдыкты камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын соңуна чейинки иш-чаралар планы бекитилди», – деди ал.

Кубатбек Боронов кошумчалагандай, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жүзөгө ашырылышынын аркасында белгилүү бир оң натыйжалар байкалууда.

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес коомчулугунун өкүлдөрү ишкерлерди текшерүүгө мораторийди кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштап, мораторий эң маанилүү пункттарды камтыбагандыгын жана фискалдык жана укук коргоо органдары тарабынан текшерүүлөр уланып жаткандыгын белгилешти.

Өкмөт башчы, мораторий зоналарын камтууну кеңейтүү зарылдыгы менен макул болуп, маселенин экинчи жагын да унутпоо керектигин белгиледи: чынчыл жана ак ниет ишкерлерден тышкары, көмүскө экономика дагы бар.

«Өлкөдө аткезчилик жана көмүскө экономиканын жогорку пайызы болсо, чечим кабыл алууда көптөгөн факторлорду эске алуу керек. Экономикалык көйгөйлөрдү бардык тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечүү керек. Биз жүргүзүп жаткан бардык реформалар, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча иш-аракеттер ишкерлер үчүн ачык жана акыйкат шарттарды түзүүгө багытталган ”, – деди Кубатбек Боронов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости