www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бороон алдындагы Жогорку Кеңеш…

31-марттагы КСДПнын курултайы Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду эки жээкке бөлдү. Жең ичинде жана башка бирөөлөр оозу аркылуу айтылып келаткан кайым айтышуулар биротоло ачыкка чыкты.

Маалымат ресурстарында күрөш күргүштөп жүрө баштады. Акипресс Атамбаевдин ресурсуна айланып,бүтүндөй   мактап-жактап, анын баскан-турганын гана чагылдырууга өттү. КТРК жана ЭлТР да Атамбаевге ооп турганы байкалат.

Бийлик сересиндеги таасирлүү адамдар, регионалдык лидерлер өз топторун жыйнап, кайсы тарапка ыктоону чечип жатат. Маселен, 31-марттан кийин айтылуу шоопур өз тобун жыйнап, “Сооронбай Жээнбеков колдон чыгып, аларды укпай калганын”, ошондуктан ар нерсеге даяр турууну тапшырган.

ИИМдеги Кара-Суудан чыккан генерал да өз жердештерин чогултуп, “нары-бери чайпалбоону” сунуштаган… Демек, генерал КСДПнын лидери менен аягына чейин калууну чечкендей…

Жогорку Кеңеште да депутаттар топ-топ болуп, ким кайсы тарапта экени иргелүүдө. Жогорку Кеңеш жакын арада Атамбаев –Жээнбеков кагылышуусунун чордонуна айланмакчы. Анткени өкмөттүн тагдыры парламентте чечилет.

Атамбаев үчүн Сапар Исаковдун өкмөтүн сактап калуу эң маанилүү маселе. Ал эми Жээнбеков үчүн Атамбаевдин тактекеси болбогон өкмөттү түзүү өзгөчө маанилүү нерсе.

Жогорку Кеңештин атын атагысы келбеген депутатынын айтымында, Жогорку Кеңеште Атамбаевдин ыгынан чыкпаган Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, андан кийин Сапар Исаковдун өкмөтүн кетирүүгө добуш жетиштүү. Бул үчүн даярдыктар көрүлүп, добуштар саналып коюлду…

Атамбаевсыз эч кайда баралбаган Исаков да, Жолдубаева да апрель айында өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчет менен Жогорку Кеңешке келүүгө тийиш.

Жогорку Кеңеште өкмөттү алмаштыруу, Башкы прокурорго ишеним көрсөтпөө Атамбаевдин өз кишилерин көчөгө алып чыгуусуна алып келет. Атамбаев көчөгө чыгарган кишилер парламенттин тарашын талап кылып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого жол ачууну көздөйт. Ошон үчүн Атамбаев 31-мартта курултайдан кийинки маалымат жыйынында Жогорку Кеңеш тарап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо мүмкүнчүлүгүн четке каккан жок…

Саясий күрөш көчөгө чыккан болсо, анда Ички иштер министрлигинин, УКМКанын ролу чечүүчүгө айланат.

Президент Жээнбеков УКМКага өзүнүн айрым адамдарын ( УКМКанын башчысынын биринчи орун басары болгон АКСтын башчысын) дайындады. УКМКа башчысы Абдил Сегизбаевди соңку кабыл алууда ага оң бааларды көбүрөөк берди. Ошондуктан Сегизбаев Жээнбеков  “тарапта болууга убадасын бериптир” деген сөздөр чыгып кетти. Бирок бул канчалык чындыкка жакын экенин айтуу кыйын.

Ал эми ички иштер министри Улан Исраилов менен мамиле башкача болуп жаткандай. 3-апрелде Сооронбай Жээнбеков Исраиловду кабыл алып жатып, көбүрөөк сын айткан.  “Милиция иши мыйзамга ылайык” болуш керектигин эскерткен. Демек, ИИМди саясаттан алыс болууга үндөгөн. Бул алдыдагы саясий күрөштөрдө ИИМ кандай позицияда болуш керектигине нускама, тапшырма.

Бирок Атамбаевдин мурунку жансакчысынын “өз шефине” катуу берилгендигинде шек жок. Атамбаев өзү да “жан сакчысын” мактап, жалгыз гана “Улан Исраилов реформа жасады” деп 31-мартта жан-алы калбады. ИИМдин маңызы эч өзгөрбөй, болгону башкармалыктардын кызматтарга айлантылганын Атамбаев чоң реформа катары баалап жаткандай.

Ал эми “окуучум” деп кубаттап жаткан Сапар Исаков жакында эле ИИМди өзгөртүү үчүн милицияны полицияга айлантпасак болбойт деген эле. Бул жерде аташка  менен балашка өкмөт башчынын сөздөрү өйдө-төмөн кетүүдө. Бирок алардын өөдүк-сөөдүк сөздөрү өтө берет эмеспи “оозу кыйшык болсо да байдын баласы сүйлөсүн” дегендей…

Булак: Элньюс

Последние новости