www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганда облусунда катуу бороон болуп, жол кырсыгынан бир адам каза тапты. Бул тууралуу казак басылмалары билдирүүдө.

Темиртау шаарына жакын жердеги Темиртау-Нур-Султан жолунда 13-февралда сегиз унаа кагышып кеткен. Анын ичиндеги экөөсү жүк ташуучу унаа.

Маалымат боюнча, жол кырсыгынын кесепетинен Лада-Грант унаасынын 36 жаштагы айдоочусу алган жаракатынан улам, ооруканада көз жумган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат. Тиешелүү экспертизилар дайындалды.

Ошол эле күнү Нур-Султан-Темиртау жолундагы Ошаганда айылында 14 унаа жол кырсыгына кабылган. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости