www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боррел: Алдыдагы айлар Украинанын тагдырын чечет

Европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррель алдыдагы бир нече ай Украина чатагынын тагдырын чечүүчү мезгилдерден болорун айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Дал ушул жазда, күздүн алдындагы жай мезгилинде... Кезектеги айлар (Украинадагы жаңжал үчүн) чечүүчү учур болот", — деп Боррелдин журналисттерге айтканын Франс Пресс кабарлаган.

Евродипломатиянын башчысы аналитиктерге таянып, жайында "россиялыктардын олуттуу чабуулдары" күтүлүп жатканын билдирген.

"Украина АКШдагы шайлоонун жыйынтыгын чыкканча күтүп отура албайт", — деген Боррель Вашингтонго жасаган сапарынын учурунда.

Ал ошондой эле Россиянын ийгилиги АКШга жана Вашингтон менен Европанын тегерегиндеги союздаштар системасына олуттуу кесепетин тийгизет деп эсептерин айткан. Мындан ары бир дагы өлкө жаңжал чыккан учурда Кошмо Штаттардын союздаш катары жардамына таяна албастыгын кошумчалаган.

АКШнын Конгресси Өкүлдөр палатасындагы артыкчылык кылган республикачылардын кежеңдегенинен улам, Ак үйдүн Украинага жардам катары сураган 60 миллиард долларды бере албай жатат. Буга чейин бөлүнгөн акча өткөн жылдын декабрында түгөнгөн, Украинага берилет деп айтылган аскердик жардам пакетинин бөлүгү да жогоруда сөз болгон келишимдин алкагында берилмек.

Американын мурдагы лидери, күздө болчу АКШ президентинин шайлоосундагы негизги талапкер Дональд Трамп АКШны кредиттик карызга батырып, чет мамлекеттерге жардамды бекер көрсөтө берүүнү токтотууну сунуш кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости