www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу эч жакка чыкпоо тилкаты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайынан чыгарылды.

Мындай токтомду Бишкектин Биринчи Май райондук соту 14-мартта кабыл алганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко атайын кызматтын тергөөчүсү берген.

УКМК Жаныбек Бакчиевди былтыр 25-октябрда кармаган. Атайын кызмат анын иши тууралуу деталдуу маалымат бере элек. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган.

Последние новости