www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррель Ооганстандын экономикасы жана социалдык тармагы кыйроо алдында турганын эскертти. Бул тууралуу Боррель 3-октябрда жарыяланган блогунда белгиледи.

"Ооганстанда олуттуу гуманитардык кризис өкүм сүрүп жатат. Социалдык, экономикалык апаат тооруп турат. Бул оогандыктар, чөлкөм жана эл аралык коопсуздук үчүн коркунучтуу", - деди Боррель.

Ал Ооганстандагы каатчылыктын эң начар сценарийин алдын алуу үчүн "Талибан" эл аралык коомчулуктун ишенимине кире турган шарттарды аткарышы керек экенин да айтты. Ошондой эле, алдыда кайсы иштер жасалаарын жана талибдерден эмне талап кылынаарын көрсөткөн жол картасын иштеп чыгуу зарыл экенин да кошумчалады.

Евробиримдиктин тышкы иштер министринин айтымында, Ооганстанда саламаттыкты сактоо системасы да кыйраганы турат. Эгер кышка чейин ушундай абал улана берсе, анда өлкөдөгү гуманитардык каатчылык мигранттардын агымын күчөтүшү мүмкүн.

"Талибан" 15-августта Кабулду ээлеп, Ооганстандагы бийликти колго алгандан бери өлкөдө баа кескин өстү. Талибдер бийликке келгенден кийин Евробиримдик жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдар Ооганстанга багытталган өнүктүрүү жана жардам программаларын убактылуу токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости