www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине байланыштуу коомдо кызыгуу жараткан суроолорго өзүнүн Facebook тармагындагы расмий баракчасы аркылуу жооп берди.

Белгилей кетсек, буга чейин жергиликтүү ЖМКлар 30-сентябрь күнү Женева шаарында Centerra Gold Inc. компаниясынын жетекчилиги менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрү жолукканын жазып чыккан. Иш-чарага Кыргызстан тараптан УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Жапаров, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана «Кумтөр» ишканасын сырттан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүктүн барганы айтылган.

«Жолугушуу биздин сураныч менен эмес, Centerra Gold Inc. компаниясынын суранычы менен өттү. Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз», – деди Садыр Жапаров.

Ал эми Лондондогу Баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы (LBMA) «Кыргызалтын» ишканасын ишенимдүү компаниялардын тизмесинен чыгарып салгандыгы боюнча ал буларды айтты.

«LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтаарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. Сатып алам деген кардарлар кезекте турат талашып», — деди ал.

Ошондой эле, өлкө башчы канадалык компания Кыргызстандын өкмөтүнө каршы кайрылган эл аралык соттордон утаарыбызга көзү жетээрин билдирди.

«Утулбайбыз, утабыз. Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли. Кумтөрдү көчүрүп кетеби? Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип, эл да биздики. Эл колдоп турса болду. Казып атабыз, каза беребиз. Эч ким тоскоол боло албайт», — деди Жапаров.

Эске салсак, май айында өкмөт Кумтөр кенине убактылуу тышкы башкаруу киргизип, жетекчилигине Теңиз Бөлтүрүктү дайындаган. Ошондон бери кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. соттошууга даярданууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости