www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылы америкалык заводдордо чыгарылган рекорддук 914 миллиард куб метр газ экспорттолбой, өлкөдөн чыкканы болсо Азия-Тынч океан аймагына жөнөтүлдү. Анткени жаратылыш газынын баасы жогору, ал эми жеке сатуучулар кепилденген жана жогорку кирешени алууну туура көрүшөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазды.

Алдыңкы рыноктор глобалдуу энергетикалык каатчылыкка кептелди. Мындан улам дүйнөлүк маалымат каражаттары энергетикалык коопсуздукту камсыздоодо Европа биримдиги өзүнө гана таянууга тийиш экенин белгилөөдө.

Мындай кырдаалды талдоо үчүн "Түндүк агым – 2" долбооруна каршы күрөштүн биринчи ирмемдеринен бери белгилүү болгон көрсөткүчтөргө кайрадан көз чаптырууну сунуштайт серепчи Сергей Савчук. Анын бул туурасындагы макаласы РИА Новости сайтында жарык көргөн.

Европалык рынокко америкалык суюлтулган табигый газды сатуучулар 2018-2019-жылдары активдүү түрдө баш бага баштаган. Кошмо Штаттарда суюлтулган газ өндүрүү көлөмү дароо жүз миллиардга өсүп, 840 миллиард куб метрге жеткен. 2018-жылдын сентябрында президент Дональд Трамп жеке жолугушууда европалык комиссиянын ошол убактагы жетекчиси Жан-Клод Юнкерди экспортчуларга жеңилдетилген шарттарды түзүп берүүгө мажбурлагандай эле болгон. Июнь айында эле Европага берилип келген 250 миллиондук көлөм декабрга жетпей, дароо бир жарым миллиардга чыккан.

Дал ошол тушта россиялык да, чет өлкөлүк басма сөздө да бардык эксперттер жана талдоочулар россиялык экспорттун, дегеле "Түндүк агым – 2" долбоорунун келечеги жоктугун жоромолдошкон. Баары дал алар болжогондой болчудай туюлган.

Жыл айланбай, тагыраак айтканда, 2019-жылдын декабрында Кошмо Штаттарда өндүрүлгөн суюлтулган табигый газдын экспорту үч миллиард куб метрден өтүп, тарыхый максимумга жеткен. Европалык рыноктогу америкалык суюлтулган жаратылыш газы 16 пайызды түзүп, бир жыл ичинде эле эки эсе көтөрүлгөн.

Газ ташуучулар океандан ашып өтүп, Испаниядагы Картахенадан Финляндиядагы Торнио Мангага чейинки газ терминалдарын толтурушкан. Негизинен, суюлтулган газды Британия, Испания, Польша жана Португалия алган.

Капыстан дүйнөнү коронавирус каптап, бул багыттагы иштер токтоп калган. 2020-жылдын биринчи чейрегинде АКШдан суюлтулган газды ташуу көлөмү үч эсеге төмөндөп, баягы рекорддук чегине кайра көтөрүлө алган жок. Ал эми америкалык басма сөзгө үңүлсөк, газ тармагындагы ийгилик кайра кайталанаарына Вашингтондогулар да ишенбейт өңдөнөт.

COVID-19дун мизи кайта баштаганда дүйнөлүк экономика (айрыкча, өндүрүш жагынан өнүккөн өлкөлөр) өндүрүштүн ыргагын тездетүүгө билек түрө киришти. Ошондо саясат жана көмөктөшүү боюнча убадалар өзүнчө кеп, ал эми эркин рынок таптакыр башка нерсе экени айкын болду.

2020-жылы америкалык заводдордо чыгарылган рекорддук 914 миллиард куб метр газ экспорттолбой, өлкөдөн чыкканы болсо Азия-Тынч океан аймагына жөнөтүлдү. Анткени жаратылыш газынын баасы жогору, ал эми жеке сатуучулар кепилденген жана жогорку кирешени алууну туура көрөт.

Эгер Европа саясатчылары мектеп программасындагы география китебин барактап коюшса, аталган аймак беш миллиарддан ашуун калкы бар 58 өлкө экенин билишмек. Эң башкысы, дал ушул жерде дээрлик ар бир энергоресурсту "жутуп" кое алчу Кытай жайгашкан. International Energy Agency чыгарган маалыматка таянсак, Пекин быйыл суюлтулган табигый газды сатып алууну көбөйттү, дал ушул себептен дүйнөдөгү газдын бул түрүн өндүргөн заводдор өндүрүштү 40 пайызга жогорулатканын да белгилей кетели. Бүтүндөй Европа биримдиги жылына 394 миллиард куб метр көгүлтүр от колдонсо, Кытай 330 миллиард сарптайт. Бул тооруктарда куб метр, гигакалория жана термалдык бирдиктер үчүн Индия, Сингапур жана Япониядан сатып алуучулар да кезекке тураарын эстен чыгарбоо абзел. Европага миң куб метри 320 доллардан берилген маалда Азия-Тынч океан аймагында ал 700 долларга сатылган.

Бүгүнкү күндө америкалык басылмалар өлкөнүн жер алдындагы газ сактагычтары былтыркыга караганда толбой, ал эми баалар асман чапчып турганын, мындай жагдай электр кубатынын кымбатташына алып келээрин байма-бай жазып жатышат.

Иш жүзүндө Вашингтон ички маселесин да чечип, Азиядагы өз үлүшүн да колдон чыгарбай, ал эми европалык рынокту ээлөөгө "Газпромго" жол ачты. Куур аркылуу газ жеткирүүдөн башка жолдун жоктугу, алар Европа биримдигинин энергетикалык коопсуздугун жана индустриясын калыптандырууга кепилдик берээри анык болуп калды.

Артка кылчая Кошмо Штаттар Европага таасир этүүнүн газ рычагдарын Россиядан тартып алууга тырышканын эстесек, кыязы, соңку төрт жыл бою бул мүмкүнчүлүктү РФке кайрадан салтанаттуу түрдө тапшыруу үчүн гана күч коротуп келгендей.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости