www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурунда Кумтөрдү иштетиш үчүн инвесторлор келген. Кенди Борис Бирштейн колдогон канадалыктарга 2007-жылга чейин бергенбиз. Бирок «Камекодон» бекер алтынга оонаган майдай жагып, алар 2007-жылы кетишпей, биротоло Кумтөрдү соруу үчүн план түзүп, 2003-жылы «Центерра» ишканасын түзүү үчүн Акаевдин башын айлантышкан.

Ал кездеги президент Акаев канадалыктардын берген «белектерине» азгырылып, Кумтөр алтын кенин алардын колуна салып берген. Кумтөр сыяктуу алтын кенибиз кыргыз эли үчүн эмес, «Центерранын» гана кызыкчылыгына иштеп калган. Отуз жылдан бери Кумтөр алтын кенинин пайдасын канадалыктар көрүп келишти.

Алар алтынын казып алалы, андан кийин эмне болушса ошол болушсун деген ой менен Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү эрип жок болуп баратканына карабай Атамбаевге окшогон президентти, анын Икрам Илмиянов, Абдил Сегизбаев, Тайырбек Сарпашев деген жан-жөкөрлөрүн, Жантөрө Сатыбалдиев, Жоомарт Оторбаев, Темир Сариев, Сооронбай Жээнбеков, Сапар Исаков сыяктуу өкмөт башчыларын акчага сатып алышып, «Өздөрүн өзү билип, өтүктөрүн төргө илип» калышкан. Садыр Жапаров мамлекет башына келгени «Кумтөрдү» кыргыз мамлекетине кайырды.

Бирок «Центерра» бекер жатпастан азыркы Кумтөрдү жетектегендердин үстүнөн ушак таратып жүрөт. Ичи бузук, арам ойлуу азыркы замандын «Көбөштөрү» аларга кошулуп, ичинен ит ирип Кумтөр маселеси боюнча эл аралык соттон уттурсак экен деп тилеп турушат. Кызык, эмне үчүн кыргыздын келечегин ойлобойбуз? Кумтөр өзүбүздө болгон соң колтугубузду ачпай, Кыргызстандын утушун тилегенибиз оң го.

Кумтөр өзүбүздө турат, мамлекет колго алганы алтын сатып алабыз деген мамлекеттер кезекте турушат. Азыр да кеч эмес, бирок мурун эле президенттер кыргызга кайырса, бир эле «Центерраны» тойгузбай, мамлекет Кумтөрдүн эсебинен мынча экономикалык алсыздыкка жетмек эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости