www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бөрүгө кой кайтарткан заман…

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын флагманы болгон Кыргыз улуттук унивеситети ректорго жарыбас болду. Арты таза эмес, «куйругунда калбыры бар» аштан-көчтөн калгандар ректор боло берип университеттин кутун учуруп бүтүштү. Мына жакында эле билим берүү тармагын дээрлик төрт жылга жакын башкарып жаманатты болуп, сын уккандан башканы жасабаган Канат Садыков ректор болуп шайланды.

Билим берүү жана илим министри болуп турганда мандемдүү иштерге көп малынга жетекчи катары ишмердиги күмөн жараткан Садыковдун ректор болушуна интерригенциянын ичи чыккан жок. Ырасында, билим берүү тармагынын эки тизгин, бир чылбарын колуна уучтап, турганда жаманаттыдан башы арылбай, керек болсо кылмышка шектүү фигура катары ишмердүүлүгү шек санаткан Канат мырзанын көрөңгөлүү окуу жайдын башына келип калышы, укуктук жана моралдык жактан алганда да чоң жаңылыштык болду десек аша чапкандык болбойт.

Дегенибиз, кезинде Канат Садыков министр болуп турганда, өлкөнүн башкы көзөмөл органы болгон Башкы прокуратура анын ээлеген кызматка татыксыздыгын карап көрүү маселесин көтөргөн. Ага 2013-жылдын 27- ноябрында Кыргыз-орус славян университетинин медициналык факультетине 24 абитурентти мыйзамсыз кабыл алдыруу боюнча мандемдүү иш себеп болгон. Бул ишке байланыштуу 2014-жылдын 12-майында УКМКнын тергөө башкармылыгы Билим берүү министрлигинин жооптуу кызмат адамдарына жана КРСУнун жетекчилигине 24 абитуренттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Эң кызыгы, Өкмөттүн ЖОЖго тапшырууга ЖРТдан 110дон ке эмес балл алган абитуренттер гана укуктуу деген токтомуна каршы келген буйрук аны менен эле токтогон эмес. Ошол эле студенттер контракттык негизден бюджеттик бөлүмдөргө которулушкан. Ал абитуренттердин 45-55 балл алгандары да болгон. Мына ушунун өзү эле Садыковдун өкмөттүн, бүтүндөй мамлекеттин саясатына ачык эле каршы иштегенин байкоого болот.

Эң эле кызыгы, жаңы ректордун керек болсо өз чечимине өзү каршы чыккан «ашмалтайлыгы» да бар. Башкача айтканда, министр кезинлде ушул азыр өзү ректор болуп отурган КУУнун ректорлугуна өзүнүн өкүл атасы Искендер Исамидиновду ректор кылып дайындаганда байкалган. Ошол учурдагы ректор А. Акунов «Бир окуу жайда бир гана административдик түзүм болсун» деген министрликтин буйругун аткарып коледжерди бириктип, институттарды факультетке айландыруу аракетин баштаганда дал ушул К. Садыков Акуновду мыйзамсыз кызматтан алып, ордуна жердеши, өкүл атасы И. Исамидиновду ректорлукка бекиткен.

Эң эле күлкүлүүсү, Акуновдун «Мен министрликтин буйругун аткардым», – деген жүйөсүнө Садыков: «Министрлик буйрук чыгарды деп эле аткары бересиңерби?» – деп чырды териштирүүгө келгенде, окуу жайдын жамаатынын оозун ачырганы күнү бүгүнкүгө дейре жомок болуп айтылып жүрөт. Эми болсо өзү каршы чыккан реформа ийгиликтүү ишке ашып, окуу жайдын алдындагы институттар жоюлуп, факультетке айланып, талаштуу маселе бир нукка түшкөндөн соң ректор болуп бетин кызартпай отуруп алганына таң калбай кое албайсың. Буга окшогон Садыковдун көңүл иренжиткен жоруктарын айта берсең кагаз бети түтпөйт. Ректордун ашкере тууганчыл «оорусу» күч экени коомчулукка жакшы белгилүү. Маселен, баскан изи күмөндүү ректор мырза министр болуп турганда, ЕврАзиялык университет деп аталган окуу жайы өздөрүнүн лицензиясын мыйзамсыз узартып,студенттерди кабыл алып атканын өкмөттүк комиссия далилдеп, бул маселе министрликтин коллегиясында каралган.

Эң кызыгы, аталган окуу жайдын учредителдеринин бири министрликтин лицензиялоо жана акредитациялоо инспекциясынын башчысы Канат Садыковдун көздөй кан кудасы Э. Молдоев болуп чыккан. Айтор, кайсы тарабынан алба Садыковдун Кыргыз улуттук университетине ректор болушу окуу жайдын кадырына көлөкө гана түшүрбөстөн, ансыз да кийинки кездери илимий-техникалык базасы төмөндөп кеткен абалын ого бетер кургуйга кулатышы ыктымал. Анткени ар качандан бир качан ишинен майнап чыгара албай, чырлуу, күмөндүү иштерден төбөсү көрүнгөн адам көнгөн адатын карматпай койбойт.

Булак: Фабула

Последние новости