www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук колдонуучусу Борукулов Шамурза акчалуулардын акчасына кызыкпагыла деп өзүнүн пикирин ыр саптары менен жазган.

"Алтынчы созывдын 62 депутаты ар кайсыл партиялар менен шайлоого кетип жатышат. Прогноз боюнча дээрлик баары өтүшөт. 62 деген 50% ттен жогору, демек бул сапар да бизди чимкириктер башкарат экен. Аларда күнөө жок, сен өзүң шайлап жатасың, шору куруган Кемчонтой Бул ыр акча албагыла деп какшаганыбызга карабай, акчалуу партияларга кызмат кылышып, өзү эле арам акча алганы аз келгенсип, акчасын көтөрүп элди бузуп жүргөн акчанын кулдарына арналат:

Акчасы бар партияга биригип,

Бара жатат баягы эле чимкирик.

Адатынча элди алдап жүрүшөт,

"Кыйратам" деп, ыйманын жеп жүгүрүп.

 

Калкты минип, артып алган өлүгүн,

Калбадыбы чимкириктен көңүлүң?

Кайра-кайра өзүң шайлап олтурсаң,

Анан кантип оңолосуң сен бүгүн?

 

Акчасына бүгүн мактап жатасың,

Акшакалың берип жатат батасын.

Курсагыңды бир тойгузуп алганга

Койнуңдагы аялды да сатасың

Сат, сатып ал! добушуңду сатып ал,

Сата турган андан башка эмнең бар?

 

Сатмак турсун чимкириктин түбүнө,

Талпак болуп, тарпың чыгып жатып ал.

Алам десе балаңды да саткының,

Адам болуп тыя албасаң алкымың. 

 

Кытай келсе карызыңды төлө деп,

"Кул болдум" деп бут алдында жаткының.

Эки миңге сатылганың жалганбы?

Эки миң деп, энең өлүп калганбы?

 

Эсиң кетип эки миңге сатылган,

Эмне дейин сендей манкурт айбанды?

Арам акча алгандыгың жалганбы?

Алты сомго атаң өлүп калганбы?

 

Алты сомго адамдыгын, намысың,

Алты жылдык бүт тагдырың байланды.

Чимкириктер дагы минди мойнуңа,

Чаар жыландар сойлоп кирди койнуңа.

Акча алган акылы кем акмактар,

"Адаммын" деп айтпай эле койгула.

 

Бүгүн сенин арам акча алганың,

Бүт кыргыздын убалына калганың.

Куттуу болсун кул болгонуң "Жоломан"

"Бийик көтөр чимкириктин байрагын"!

Борукулов Шамурза

Булак: NazarNews.kg

Последние новости