www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты Б.Турусбековго берилди. Бул тууралуу маалыматты КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.
2018-жылдын 14-июнунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊештин депутатынын бош калган мандатын “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча кийинки кезекте турган Турусбеков Бактыбек Сагындыковичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-июнда Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Игорь Чудинов депутаттык мандатынан ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg