www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бостеридеги “Борбор” пляжына жакын жайгашкан эс алуу жайларындагы мыйзамсыз курулуштар бузулуп, түрттүрүлүп жатат.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мындагы айрым курулуштар көл жээгине жакын орун алып, 100 метр аралык сакталган эмес.
«Буздуруу иштери «Борбор» пляжын реконструкциялоо долбоорунун алкагында ишке ашууда. Айта кетсек, мыйзамсыз курулуш ээлерине бир канча ирет эскертүү берилген, бирок натыйжа болгон эмес. Ошондуктан бүгүн Чолпон-Ата шаардык мэриясы, Ысык-Көл райондук регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы жана Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти менен биргеликте бардык мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүп, тазалоодо», — деп айтылат маалыматта.