www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тажикстандагы Пролетарск шаарында 12,5 гектар жери болгон. Ошол жер чек ара маселесин чечүүнүн алкагында Тажикстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, 12,5 га Кыргызстандын жери катары эсепке алынып, жер алмашууда пайдаланылды.

«Союз маалында Пролетарск шаарынын ортосунда "Сельхозхимия" же "Сельхозтехника" деген кыргыз уюмунун 12,5 гектар жери болгон. Бирок бул аянтты ыраматылык Баяман Эркинбаев [Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты] алып, бирөөгө сатып жиберген. Биз талаш аркылуу ал жерди Кыргызстанга кайтарып алдык. Эгер унчукпай койсок, аны эч ким көрмөк эмес, билмек эмес», -деди Ташиев.

Баяман Эркинбаев ишкер, ошондой эле Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон (1995, 2000, 2005-жылдары), «Алыш күрөшү» федерациясын негиздеген. 2005-жылдын сентябрында Бишкек шаарынын Гол көчөсүндөгү үйүнүн жанынан өлтүрүлгөн.

Последние новости