www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
13-июлдан 14-июлга караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы жээкти кайтаруу учурунда милиция кызматкерлери адам өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери түнкү жөө кайгуул учурунда жардам сураган үндү угушкан. Сууда калган адам акыркы күчү менен жардам сурап жаткан.
Тартип сакчылары дароо сууга түшүп, чөгүп бара жаткан эркекти жээкке алып чыгышкан. Алар ага биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Куткарылган адам Ош облусунун 54 жаштагы тургуну экени аныкталган. Учурда анын абалы канааттандырарлык, өмүрүнө коркунуч жок.
«Бул эр жүрөк кадамды өз өмүрүнө коркунуч келтирип жасаган кызматкерлер — Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын инспектору Ибрагим Женишов жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун взвод командири Эльдияр уулу Турсунбек», — деп билдиришти облустук милициядан.