www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2016-жылдын 15-июлунда Түркиядагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетине он жыл болду.
Ошол окуядан кийин өлкөдө масштабдуу тазалоо иштери жүрүп, жүз миңдеген адамдар текшерүүгө алынып, миңдегендер соттолгон.
Түркия бийлиги төңкөрүш аракетин АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы уюштурганын билдирген. Ал эми Гүлен бул айыптоолорду четке каккан.
Расмий маалыматтар боюнча, акыркы он жылда Гүлен кыймылы менен байланышы бар деген шек менен жүз миңдеген адамдарга карата иштер козголуп, 100 миңден ашуун киши соттолгон. Оппозиция жана укук коргоо уюмдары бул аракеттер саясий куугунтукка айланганын айтып келишет. Бийлик болсо чаралар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мыйзамдын негизинде жүргүзүлүп жатканын билдирет.
Төңкөрүш аракети президент Режеп Тайып Эрдогандын бийлигин бекемдеп, Түркиянын саясий багытына чоң өзгөрүүлөрдү алып келген окуялардын бири болуп калды.