www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экологиялык мыйзамдардын аткарылышы талкууланды

Бишкек экологиялык прокуратурасы жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү экологиялык мыйзамдардын аткарылышы боюнча жумушчу жыйын өткөрүштү.

Жыйында жер казынасын пайдаланууда бузулган аймактарды калыбына келтирүү, «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын жүрүшү жана Ысык-Көлдөгү курорттук объектилерди тазалоочу курулмалар менен камсыздоо маселелери каралды.

Талкуунун жүрүшүндө айрым багыттар боюнча иштер жетишсиз жүргүзүлүп жатканы белгиленип, жооптуу кызматкерлерге ишти күчөтүү тапшырылды.

Мындан тышкары, Баткен облусунда экологиялык абал, жер казынасын мыйзамдуу пайдалануу, таштанды маселеси, суу ресурстарын сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактарды коргоо боюнча жыйын өттү.

Жыйындын соңунда экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана мекемелер аралык кызматташууну күчөтүү боюнча мындан аркы иштер белгиленди.

Последние новости