www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бостери айылындагы “Мүрөк” пансионатында канализациялык тутумга байланышкан бир катар олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.
Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын рейддик текшерүүсү учурунда белгилүү болду.
Текшерүүнүн жүрүшүндө бир нече канализациялык люктар ачык бойдон калып, айрымдары таштандыларга толуп калгандыгы аныкталды. Мындан тышкары, канализациялык насостук станциянын ишинде да олуттуу кемчиликтер бар экени белгилүү болгон.
Адистердин маалыматына ылайык, агынды сууларды ташуучу түтүктөр жер астынан өткөрүлүшү керек болсо, аймакта жер үстү менен тартылган шланг колдонулуп келген. Ал шлангдын айрым жерлери бузулуп, агып жатканы жана жалпы канализациялык системага толук туташтырылбаганы аныкталды.
Ошондой эле аймакта таштандыларды туура эмес жайгаштыруу фактылары катталган. Кургак бутактар жана курулуш калдыктары чачылып, бул өрт коопсуздугу үчүн кошумча коркунуч жаратып жатканы белгиленди.
Мындан тышкары, айрым коттедждерден чыккан агынды суулар насостук станцияга жетпей жатканы жана кээ бир люктардын герметикалуулугу талаптарга жооп бербегени да аныкталды.
Текшерүүнүн жыйынтыгында пансионатка карата административдик протоколдор түзүлүп, бардык аныкталган бузууларды кыска мөөнөттө жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмө берилди.