www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бет булчуңдарына жана көздүн капталындагы точкалар аркылуу  ботокс куйгандан кийин мончого түшпөш керек. Анткени, булчуңдардын баары парга киргенде  бошогондо  ботокс бат эле тарап кетет. Ар бир адамдын имуниети, жашоо образы жана организминдеги өзгөрүүлөр ар башка болгондуктан ботокстун узакка чейин сакталышы же эрте тарап кетишине мына ушул факторлор да байланыштуу болот. Маселен, кээ бирөөнүкү беш айга жетсе, бирөөнүкү сегиз, тогуз айга жетет. Ботоксты куйдургандан киийн жарым айча күнгө, шамалга урунбай сактануу зарыл.

Эскертүү: Ботоксту бир куйдургандан кийин кайра албай коюу мүмкүн эмес. Анткени, терилер чоюлуп, бырыштардын орду толуп калат. Убакыттын өтүшү менен ботокс тарап кеткенден кийин анын орду майда бырыштар басып кетет. Ошондуктан бир куйдургандан кийин ар дайым алып турууга аргасыз болуп каласың. Ошон үчүн куйдурардан мурун  мурун ойлонуш керек. Ботокс ар бир адамдын курагына, бырышынын терең же терең эмес экенине чейин эске алынып, тиешелүү өлчөмдө куюлат.  Аны көп жолу куйдурган зыян.

Ошондой эле ашыкча куюлууга да жол берилбейт. Эгер ашыкча өлчөмдө куйдуруп алсаң, бетиңди шишимик тарттырып салат деп билдирди “Фа-Эстетик” сулуулук салонунун жетекчиси Фатима Керимбаева. 

Булак: "NazarNews"

Последние новости