www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ботокс таксин башкача айтканда уу болгондуктан ал жабыркап турган  органга таасир этип, кээ бирөөнү приступ да кылышы мүмкүн. Ошондой эле  кайсыл бир органда  жаныңды кыйнаган дартың болсо, аны өрчүтүп жибериши да мүмкүн.

Кээ бирөөлөр эмнегедир улгайуудан качышат. Чынында улгайгыбыз келбей,   пластикалык  хирургиянын кызматын канчалык көп көрсөк да,  табияттын мыйзамынан эч  жакка качып кутула албайбыз. Картайуу менен канчалык күрөшкөнүбүзгө карабай убакыт  өзүнүкүн алат. Ага болбой эле  ар дайым куурчактай болуп жүргүлөрү келгендер кєп. Бирок, айымдар  кээде бырыш да жарашарын билишпей эле кыжаалат боло беришет.

Майкл Жексон пластикалык хирургияны көп колдонгондуктан беттеги булчуңдар, терилер баштапкы калыбына келбей жыйынтыгында маска кийип калган. Ошондуктан  пластикалык хирургияны жасатаарда, ботоксты куйдураардан мурун азабын тартып калбаймынбы деп ойлонуш керек.

Мен Россиянын көп ырчылары ботоксты ашыкча куйдуруп алып, бети шишимик тартып калганын көрөм. Жаман дарттардын өрчүшүнө да таасирин тийгизет деп жооп берди “Фа-Эстетик” сулуулук салонунун жетекчиси  Фатима Керимбаева.

Булак: "NazarNews"

Последние новости