www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын борбордук аянтында жаздын жана жаңылануунун майрамы Ноорузга карата майрамдык салтанат өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Иш-чара 21-мартта саат 09:00дө башталат. Анда “Ноорузду даңазалоо” оюн-зоок программасынын алкагында маданият башкармалыгынын, белгилүү ырчылардын, артисттердин катышуусунда театралдашкан концерт тартууланат.
Аянттын оң тарабында 7 кыргыз боз үйү тигилип, “Кыргыз шырдак” көргөзмө-жарманкеси, Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, №2 балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана “Көктөм” (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат.
Мындан сырткары, "Алымбек Датка" этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чаралар өтөт.
Булак: NazarNews.kg