www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пашинян активдүү тиктокер болууну чечти

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян “Мамлекет тууралуу сүйлөшүү” деп аталган көп бөлүктөн турган видеотасма тартууну чечти. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-мартта өзүнүн TikTok баракчасына жарыялаган видеосунда билдирди.

Бүгүнтөн тарта TikTok аркылуу “Мамлекет тууралуу кептер” сериалын тарта баштайм”,-деди ал түз эфирде.

Пашиняндын айтымында, ал тарткан видеолордо мамлекет, жарандык эркиндиктер жана ушул сыяктуу темаларды козгойт.

«Белгиленген темадан эле кандай маселелер талкууланаары белгилүү, мен сиздер менен өзүмдүн айрым ойлорум менен бөлүшкүм келет. Бул азыркы баш аламандыкта бардыгыбыз үчүн стратегиялык, терең ойлонуу үчүн материал болот деп ишенем», - деп кошумчалады Премьер-министр.

Белгилей кетсек, буга чейин Пашинян Армения-Азербайжан чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштери башталганы тууралуу маалымат берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости