www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 82 адам каза болгон. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 24,1 пайызга аз экенин ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2024-жылдын 1-январынан 17-мартына чейин өлкө аймагында 1 173 жол кырсыгы катталып, 1 673 киши ар кандай жаракат алып, 82си көз жумган.
"Ушул эле аралыкта өспүрүмдөр катышкан 245 жол кырсыгы катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу балдар катышкан жол кырсыктары 15,2 пайызга азайган. Ошондой эле жаракат алгандардын саны 23,5 пайызга, жол кырсыгынан көз жумган өспүрүмдөрдүн саны 35,7 пайызга кыскарган", — деп жазылат кабарда.
ЖКККББ кызматкерлери кырсыктарды алдын алуу максатында рейддик жана профилактикалык иштерди дайыма өткөрүп келери белгиленди.
Булак: NazarNews.kg