www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири жана “Ислам мамлекети” террордук тобунун аскер министри Гулмурод Халимовдун жакындары соңку жылдары алардын жашоосу азапка айланганын моюндарына алышууда.

Гулмурода Халимовдун биринчи аялы жана төрт баласы Варзоб районунун алыскы айылдарынын биринде жашашат. Тун кызы Нилуфар Халимова 9-класста окуйт. Ал атасы Сирияга кеткенден бери тынымсыз суракка алынып жатышканын билдирди.

“Биз коркобуз. Психологиялык жана каржы жагынан алганда өтө оор абалга кептелдик”, - дейт Халимова. Апрелде мурдагы генералдын 18 жаштагы баласы камалгандан кийин түйшүк ого бетер күчөгөн.

Халимовдун биринчи аялы Назокат Муродова шаршембиде абактагы баласы менен көрүшүүгө уруксат беришпегенин айтты. Ал буга чейин уулу менен жолугууга бир нече жолу аракет жасаганын, уулу эмне себептен айыпталып жатканын эч ким түшүндүрбөгөнүн баса белгиледи.

Гулмурод Галимов Тажикстан Ички иштер министрлигинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы полковниги, көзгө атары болгон. 2003-2004-жылдары америкалык машыгуу борборлорунда терроризмге каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнгөн. 2015-жылдын апрелинде дайынсыз жоголуп, бир айдан кийин Сирияда ачыкка чыккан.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы Гулмурод Халимовго каршы үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. АКШ анын кайсыл жерде жүргөндүгү тууралуу так маалымат бергендерге $3 млн сыйакы убадалаган.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости