www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын үч айында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туризм жана экологиялык милициясы тарабынан Ысык-Көлдү тазалоо иштери кеңири масштабда жүргүзүлдү. Көлдөн 13 миң 900 метр мыйзамсыз тор чыгарылды.

Тартип бузгандардан дагы 3000 метр тор алынып, 300 балык жаратылышты коргоо органдарына өткөрүлүп берилди. Тургундар 31 торду өз ыктыяры менен тапшырышты.

Бул аралыкта 34 экологиялык кылмыш катталып, 16 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, төрт адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Белгиленген мыйзам бузуулар боюнча жалпы суммасы 572 миң сомдон ашык доо коюлган.

Милиция кызматкерлери кайыктар жана дрондор менен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү, жээктеги таштандыларды чыгарууну жана көлдүн уникалдуу жаратылыш чөйрөсүн сактоо боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Последние новости