www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жизель Бундхен- сулуу, сексуалдуу, көп ийгиликтерге жетишкен, дүйнөдөгү эң жогорку акы төлөнгөн модель. Анын өмүр баяны абдан көркөмдүү жана жашоосу да абдан кызыктуу. Анда төмөндөгү кызыктуу фактыларга назар салыңыздар!

- Жизелдин түпкү теги Германияда болсо да, ал Бразиялияда төрөлүп өскөнүнө сыймыктанып, өзүн бразиялык деп эсептейт.

- Жизелдин 5 эжеси бар. Баары тең катар-катары менен жарык дүйнөгө келгендиктен, баары моделдик чөйрөдө өзүлөрүн сынап көрүшкөн.

- Карьерасын 14 жашынан тарта киришкен. 1997-жылы Жизелде чоң маселе жаралып, ал катышкан 42 кастингден мурдунун чоңдугунан өтпөй калган.

- Жашоосунда 7000 миңден ашуун түрдүү журналдардын башкы мукабасынын жүзү болуп чыккан.

- Модель атактуу актёр Леонардо Ди Каприонун жүрөгүнүн төрүнөн орун алып, экөө беш жыл сүйүү мамилесинде болушкан. Ал эле эмес голливудда бири-бирине төп келишкен түгөйлөрдүн катарына киришкен.

- Жизель 2009-жылы Тома Бред аттуу футболистке турмушка чыгып, бир уул, бир кыздуу болгон.

- Жети жыл катары менен “Victoria’s Secret” дүйнөлүк брендинин 15 миллион турган кымбат баалуу ич кийимдерин жарнамалап чыккан.

- 2004-жылдан тарта эң жогорку акы төлөнө турган моделдердин катарына кирген. 2014-жылы “Forbes” журналынын тандоосу боюнча эң жогорку акы төлөнө турган моделдердин тизмесинде 1-орунга чыгып, анын айлык акысы 47 миллион долларды түзгөн.

- Жизель өткөн жылдын апрель айында подиумга акыркы жолу чыккан. Бирок, фотосессияларга тынымсыз катышат.

- Кайрымдуулук менен алектенип, миллиондогон акчасын жетим балдарга арнайт.

- 1 саатта 7000 миң доллар акча табат. Мисалы, фотосессия жана жарнамага тартылууда.

- Бала чагында спорттук карьера жасоону абдан каалоочу. Болгондо да волейболист болгучу келчү.

- “Vogue” журналына 123 ирет маек берип, башкы мукабасынын жүзү болуп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости