www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бразилиянын президенттик администрациясынын маалыматына караганда, өлкө башчысы Лула да Силва АКШ президенти Дональд Трампка кайрылып, анын демилгеси болгон «Тынчтык кеңешине» Палестинаны кошууну жана бул кеңештин ишин Газа тилкеси менен чектөөнү сунуштады.
Дүйшөмбү күнү болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө эки лидер Вашингтондо өтүүчү жолугушууда бул маселени тереңирең талкуулоо боюнча чечим чыгарышты.
50 мүнөттүк сүйлөшүүдө Лула «Тынчтык Кеңешин» Газага гана тиешелүү кылып чектөөнү жана мүчөлөрүнүн катарына Палестинага да орун берилишин талап кылды.
Мындан тышкары, Лула глобалдык башкаруунун келечегине тынчсыздануусун билдирип, Бириккен Улуттар Уюмуна комплекстүү реформа жүргүзүүгө, анын ичинде Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн санын көбөйтүүгө чакырды.