www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2025-жылы Кыргызстанда жалпы кубаттуулугу 44,59 МВт түзгөн 8 чакан гидроэлектростанция ишке берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен "Чакан ГЭС" ААКка тиешелүү Кара-Көл ГЭСи 2025-жылдын 27-октябрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда пайдаланууга берилген.
Учурда "Чакан ГЭС" ААК Орто-Токой, Папан жана Ылдыйкы Тар гидроэлектростанцияларын куруу иштерин активдүү улантууда.
"Бул объекттер ири ГЭСтердин жүгүн толук жеңилдете албаса да, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо жана электр энергиясынын жетишсиздигин азайтууда олуттуу салым кошору талашсыз", - деп айтылат маалыматта.
Тактап айтканда, 2025-жылы "Чакан ГЭС" ААК тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын кошкондо, өлкө боюнча чакан ГЭСтерден 400 млн кВт/сааттан ашык электр энергиясы өндүрүлдү. Анын ичинен 2025-жылы ишке берилген жаңы 8 чакан ГЭС тарабынан 41 млн кВт/сааттан ашуун электр энергиясы өндүрүлгөн.
"Чакан ГЭС" ААК мындан ары да чакан гидроэнергетиканы өнүктүрүүгө, жаңы объекттерди курууга жана эксплуатациядагы ГЭСтердин ишенимдүүлүгүн жогорулатууга багытталган иштерди улантат.