www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Африка өлкөлөрүнө болгон сапары Батыш Орусияны обочолонто албаганын билдирет. Бул тууралуу британиялык Financial Times гезити жазды.

24-июлда Лавров Африкага болгон сапарын Египеттеги сүйлөшүүлөрдөн баштады. Эртеси ал Конго Республикасына келип, 28-июлга чейин Эфиопияга жана Угандага барат. Мамдепартаменттин расмий өкүлү Нед Прайс Лавровдун Африка турнеси башталгандан кийин Орусия Федерациясынын обочолонуп баратканын айтты. Россиянын АКШдагы элчилиги АКШнын реалдуулукту бурмалоого умтулуусу Орусия Федерациясын гана эмес, жергиликтүү маалымат каражаттарын да таң калтырып жатат деп жооп берди.

Газетанын билдирүүсүнө караганда, Конгонун жана Египеттин жетекчилери менен жолугушуулар Сергей Лавровдун Африка өлкөлөрүндө али да болсо "кадырлуу мейман" экендигин көрсөттү.

Лавров Египетке, Конго Республикасына, Угандага жана Эфиопияга Африка өлкөлөрү азык-түлүк жана жер семирткичтердин кымбаттаган баасы менен күрөшүп жаткан кезде барды. Батыш Москваны изоляциялоону көздөп жатканда, континетте Лавровдун бул кабыл алынуусу Кремлдин таасиринин күчтүүлүгүн көрсөттү», - деп жазат басылма.

Москва Орусия өзүн обочолонтууга барбай турганын, аны заманбап дүйнөдө изоляциялоо мүмкүн эмес экенин бир нече жолу билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости