www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Отуз жыл эгемендүүлүктүн сабактары. Келечек Кыргызстан.
Эгемендик буйруп, келечекке жол тандаганда, өлкө жетекчилери, саясатчылар, депутаттар:
- базар экономикасын, жеке менчикти;
- батыш үлгүсүндөгү демократияны;
- мамлекет идеология жүргүзбөй, андан баш тартыш керек;
- экономика, чарба иштерин мамлекет натыйжалуу башкара албайт, өндүрүштүн баары жеке менчикте болууга тийиш - деген ишеним менен батыш өлкөлөрдүн баш мыйзам үлгүсүн көчүрүп, эми эл бакубат жашап, мамлекет кубаттуу болот деп, элге кабыл алдырды.
Отуз жыл ушул ишенимдер, тандалган багыт менен жашаган өлкөбүздө:
- Отуз жолу өкмөт алмашып, 11 жолу баш мыйзам жаңыланып, айыл чарба, өнөр жай тонолуп, талкаланып, жумушсуз калган бир жарым миллион кыргыз бөлөк өлкөлөргө кеткенге аргасыз болуп, эл казынасынан отуз миллиард доллар уурдалып, коррупция бийликтин колун байлап, бутун тушап, шал кылды;
- биринчи президент мекенибизди кемитип (Үзөңгү куш, Каркыра), күнөөсү жок Аксы элин атып, Кумтөрдү чет өлкөлөргө сатып (мыйзам бузуу менен Центерра түзүп), артын карабай, берген антын унутуп, качып кетти;
- экинчи президент Кумтөрдөн өз үлүшүн алып, баласын өлкө башкартып, беш
миллион коюм бар детип, жөөтөргө эл казнасын карматып, 90 жигитти атып
елтуруп, 1300 адамды майып кылып, сыртынан соттолуп, качып жүрөт;
- өлкөнү менчик ишканасындай башкарып, талас эли абыке, көбөштүн тукуму, казахстанга кошулгула, нарындыктар малсыңар, көлдүктөр катынсыңар деп дөөрүп, кытайдан алган бир жарым миллиард доллар карызды элдин моюнуна илип, жарымына жакын табакташтары менен уурдап, жеп, акчанын жана бийликтин күчү менен өз оордуна жөндөмсүз, билимсиз, мажирөө досун калтырап, абакта жатат;
- соттолгон премьер-министр, министр, депуттатардын санынан эл адашып;
- мамлекеттик идеология жүргүзүлбөгөн үчүн кыргыз эгерим көрүп, билбеген көр талаш, сөөк талашка учурап, демократ, либерал, баптист, мунист, вахабист, салафист, эскичил, жаӊычыл, батышчыл, орусчул болуп бөлүнүп, элдин башы бирикпей, күч аракети чачылып, чаржайыт болуп, Мекенибиздин ыйыктыгы, улутубуздун улуулугу унутулуп, калк кароосуз калган жетим баланы элестетип турат;
- Үмүтү акталбаган эл өлкө абалына нааразы болуп, үч жолу президенттерди мөөнөтүнөн мурда алмаштырууга аргасыз болду, бирок өз жеңишин улам шылуун, шумпай, арам саясатчыларга алдырып келди:
- расмий маалыматка ылайык эки жарым миллион калк жакырчылыкта жашап, Орусия, Казахстандагы кыргыз мигранттар жылына эки миллиард доллар туугандарына которуп, элин багып калды;
эл бийликти шайлап бергенге гана керек болуп, электорат, шайлоочу денгээлине түшүп, бийликке үнү жетпей, сөзү өтпөй, өзүн да, бийликти да багып жатат;
- бир дагы президент, министр, депутат эгерим, эч качан элге жооп беребей, каалагандай бийлик жүргүзүп, капчыгын толтуруп, байып, басып кеткени адатка айланды.
Демек, отуз жыл мурун тандалган жол өзүн актабаганы талашсыз жана толук аныкталып, жалпыга белгилүү болду.
Өлкөнүн коомдук саясий жана башкаруу түзүмү жараткандан талкалаганы көбүрөөк болду. Өткөн отуз жылдын күнгөй-тескейин калыс таразалап, адилет баалап, эски жол менен дагы артка кете беребизби, же келечекке алып барчу жол табылабы - деген суроо ар бир кыргыздын тагдырын чечкен маселеге айланып калды.
Кыргызстан аянты менен -198 мин км², дүйнөнүн 105 өлкөсүнөн чоң.
Израиль- 21 мин км², эли 8 млн (Чуй областы -19 миң км²), Ливан-10,5 мин км². Кипр-9 мин км² (Талас областы -11 мин км²), Эстония - 45 мин км² (Нарын областы 47 миң км²), Латвия-63,7 мин км², Грузия-69,7 мин км 2 (Чүй менен Нарын областары - 66 миң км²), Тайвань-36 мин км², эли-24 млн (Жалал-Абад областы-34 миң км²),Түштүк Корея-99 мин км², эли-45 млн, Кувейт-17,8 миң км², (Баткен областы-17 мин км ²).
Отун олжо, суу кордук-дейт кыргыз. Бир жанга таза суу Кыргызстанда - 13,830 м3, Кытайда - 2295 м, Индияда - 2244 м3. Иранда -1719 м3, Англияда -1222м3, Египетте - 939 м3, Израилде - 2389 м3, Сауд Аравияда - 249 м3, Кувейтте - 95 м3.
Адамзаттын 70 пайызы бүгүн таза сууга жетпей калды. Элдин сабаттуулугу боюнча:
Кыргызстан -14 орунда, АКШ - 19, Орусия - 22, Франция - 29, Жапония - 31, Англия - 38, Малазия - 94, Турция - 100, Кытай - 102 орунда.
Демек, экономиканы өстүрүп, эл турмушун көтөрүүдө маселе жок деп кесе айтсак болот.
Булак: NazarNews.kg