www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Daily Express гезити Орусия менен НАТО өлкөлөрүнүн армияларын сан жагынан салыштырып, басылманын окурмандарын комментарийлерде Москва менен чаташтырбоого чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Басылманын автору Лиам Дойл Кремлди Киевге каршы агрессивдүү пландары үчүн айыптап, Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун билдирүүлөрүнө таянып, Украина менен чек арага орус армиясынын 60 сокку уруучу бөлүгү жайгашканын жарыялады.

Журналисттин айтымында, аскерлеринин жалпы саны боюнча Орусия НАТОго мүчө мамлекеттердин ичинен АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Анын курамында 1,154 миллионго жакын адам, ал эми запастагылар менен бирге — 1,4 миллионго жакын адам, деп белгилейт ал. АКШнын армиясында 1 миллион 346 миң аскер бар, алардын 800 миңдейи запаста.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости