www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия АКШ менен «жакшы, тең укуктуу, бири-бирин сыйлаган» мамилелерге ишенет. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Биринчи каналдагы Sunday Time программасынын эфиринде билдирди.

Дипломат Москванын Вашингтон менен алакадагы күтүүлөрү тууралуу айтып, Орусиянын президенти Владимир Путин 2021-жылдын июнь айында Женевадагы жолугушууда «так ушундай мамилени тастыктаган» америкалык кесиптеши Джо Байденге да ушул тууралуу айтканын баса белгиледи.

Ошол эле учурда Лавров Орусиянын АКШ сыяктуу эле өз кызыкчылыктары бар экенин белгиледи. «Ачуу тажрыйбадан үйрөнүп, биз күн сайын коопсуздугубуз бузулган абалда калгыбыз келбейт», - деп кошумчалады Тышкы иштер министри.

Эске салсак, буга чейин Лавров Батыштын Украинаны НАТОго киргизүү аракети Түндүк Атлантикалык альянстын коопсуздугун чыңдабай турганын айткан.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнүн мындай аракеттери оң натыйжа бербейт, бирок ошол эле учурда Орусия менен мамиленин бузулушуна алып келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости