www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын экс-президенти Дональд Трамп Техас штатынын Конро шаарында пикирлештердин алдында сүйлөп жатып, азыркы америкалык лидер Джо Байденге каршы коррупциялык иликтөө баштаарын айтып коркутту. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
Трамп 2022-жылдын 8-ноябрына белгиленген орто мөөнөттүү шайлоодо Республикалык партия өнөктөштөрүнүн Өкүлдөр палатасы менен Сенатта көпчүлүк добушка ээ болооруна үмүтүн билдирди. Өнөктөштөрүнүн жеңиши менен экс-президент Байденге каршы иликтөө жүргүзүүгө убада берди.
«Республикачылар Конгрессти кайра жеңип чыкканда, Байдендин коррупциясы Конгресс тарабынан иликтенип, ашкереленээрине ишениңиз. Байдендин Кытайдан алган миллиондогон долларлары жана Джо эмне үчүн Кытайдын Коммунисттик партиясын бизге жана бүткүл дүйнөгө тараган вирус үчүн жоопко тартуудан баш тартканын түшүндүрөт»!, - деп баса белгиледи Трамп.
Булак: NazarNews.kg