www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Британиянын чалгын кызматы коронавирустун пайда болуу очогун атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. Чалгын кызматынын айтымына караганда коронавирус Ухандагы лaбopaтopиядан чыгып кетиши мүмкүн. Аны менен бирге илдет жаныбарлардан жуккан деген версия да бар.
Маалыматка ылайык, COVID-19 Кытайдын Ухань шаарындагы эки лабораториясынан чыккан. Кытайдын Вирусология институту жана Ухандагы илдетти көзөмөлдөө лабораториялары дарттын очогу болуп саналат. Ал жерде жаныбарларга тажрыйба жүргүзүлгөн жана анын ичинде жарганаттар да бар болгон.
Американын биокоопсуздук кызматынын эксперти Ричард Эбрайттын айтымына караганда жогоруда айтылган лабороторияларда коопсуздук эрежелерди сактабай, вирусту изилдешкенин көргөн. “Ал үчүн “төртүнчү” деңгээлдеги коопсуздукту колдонуш керек болчу, бирок алар “экинчи” деңгээлдеги коопсуздукту гана пайдаланышкан. “Экинчи” деңгээлдеги коопсуздук вирус жуктуруудан сактап калуу мүмкүнчүлүгү өтө аз болгон”,-деп айткан адис.
Буга чейин ушундай эле версиялар Улуу Британиядан башка мамлекеттер тарабынан айтылганы менен Кытай айтылган айыптоолорду четке кагып келет.
Эске сала кетсек, дүйнө жүзү боюнча илдетти жуктургандардын саны 1 273 499га жетсе, каза болгондордун саны дээрлик 70 миңге жеткен. Ал эми сакайып кеткендер 262 697 кишини түздү.
Булак: NazarNews.kg