www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун абалы начарлап, интенсивдүү дарылоого которулганын Даунинг стрит - британ өкмөтү билдирди.

- Бүгүн түштөн кийин премьер-министрдин абалы начарлап, аны караган медициналык топтун кеңеши менен ооруканадагы интенсивдүү терапия бөлүмүнө которулду - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Жонсон коронавирус жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Өкмөт башчынын дене табы түшпөгөндүктөн 5-апрелдин кечинде Лондондогу “Ыйык Фома” госпиталына жаткырылган.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Британия коронавирустан катуу жабыркап жаткан 10 өлкөнүн катарында. Ушул тапта COVID-19 илдетине чалдыккандар 52 миңге чамалады. Жаңы вирусту жуктургандардын 10% ашыгы көз жумду. 135 киши айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости