www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британия Иранга санкция салды

Британия Евробиримдикке удаа эле Ирандын үч генералына жана "Шахид-136" ракетасын өндүргөн ишканага санкция салды. Буга Орусия Украинага каршы чабуулунда Иранда жасалган ракеталарды пайдаланып жатканы тууралуу маалыматтар негиз болду.

Британиянын Финансы министрлиги "кара тизмеге" "Шахид-136" деген аталыштагы учкучсуз учактарды өндүргөн Shahed Aviation Industries ишканасын киргизди. Орусия дал ушул ракеталар менен акыркы жумаларда Украинанын энергетика тармагын аткылап жатканы айтылган. Лондон дрондор Орусияга "украин аймагына баскынчылык кылуу үчүн" колдонулуп жатат деп эсептейт.

Евробиримдик Орусияга учкучсуз учактарды бергени үчүн 20-октябрда ирандык үч генералга жана курал өндүрүүчү Shahed Aviation Industries корпорациясына санкция жарыялаган.

Алар - Ирандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын азыркы башчысы Мухаммед Хоссейн Багери, логистикага жооптуу Сайед Хожатолла Курейши жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун генералы Саид Агхаяни.

Евробиримдик мурдагы тизмеге киргизилген дагы ирандык төрт уюмга санкцияларды узартууга даяр экени айтылды. Бул билдирүүнү Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба да кубаттады.

Расмий Киев билдиргендей, Орусия негизинен Иранда чыгарылган Shahed 136 деп аталган "жанкечти" дрондорду колдонууда. Тегеран Москвага дрон сатканын четке кагып келет. Кремль да Украинада орусиялык техника гана колдонулуп жатат деп ишендирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости