www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы парламент депутаттары электен өтүүдө. Ак-карасы талданып, элге иштегени жана бийликке кошомат кылганы иргелип, өз ара бөлүнөт эмеспи. Мындай алкактан алып караганда, азырынча он чакты депутат туруктуулугу, калыстыгы, мыйзамды сыйлаганы менен өзгөчөлөнүүдө. Сап башында Сүйүнбек Өмүрзаковдун баратканы талашсыз чындык.

Каарманыбыз жаш курагынан мамлекетчил мүнөз күтүп, милициянын ылдыйкы баскычынан баардык тепкичтерди өтүп, ИИМдин 1-орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. Өмүр баянына саресеп салсак, мекенибизге ак кызмат кылганы, чыр-чатактан алыс турганы, кайсы гана кызматты аркалабасын, өздүк курамга үлгү жаратып, коомдук-коопсуздук абалды ырааттуу көзөмөлдөп, чыныгы тартип сакчысы катары таанылганы белгилүү. Чет өлкөдөн алган билими, өмүр бою жыйнаган тажрыйбасы элибизге буюрган экен.

Кыска аралыкта Сүйүнбек Өмүрзаков депутат, комитет төрагасы болуп, өзүн профессионалдык деңгээлде көрсөтүүдө. Калыптанган түз көз карашы, чайпалбаганы, салмактуу мүнөзү менен көптөрдөн айырмалана баштады. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, алган багытына жараша ак-караны ажырата билгени, кыраакы кадр, талдоочу таризинде мамлекетке кызмат кылуунун таза жолун тастыктады.

Генерал агабыздын аша турган ашуусу, кече турган суусу али алдыда. Элибиздин келечекке карай тандай турган каарманы ушул. Аныгында, ак, адил, адамгерчиликтүү, ыйманына камчы чаппаган сапаттары менен алыска чуркачудай. Мындай инсанга бел боло турган азаматтар куралып, тарапташтары эл ичинен тегиз баш көтөрүп чыкса керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости