www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинага каршы орусиялык согуш башталганга чейин эле Украинанын Коргоо министрлигинин порталдарына жана Украинанын башка маалымат инфраструктураларына Кытай бир катар киберчабуулдарды жасаган деп Британия мурда эле шектенген. Бул тууралуу The Times Украинанын Коопсуздук кызматынын (СБУ) маалыматына таянуу менен билдирди.
Украинанын Коопсуздук кызматынын берген маалыматтарына караганда, Украинанын коргонуу жана өзөктүк чөйрөсү менен тигил же бул жол менен байланышкан 600дөн ашык сайттар хакердик чабуулга кабылган. Бул чабуулдар Кытай өкмөтү тарабынан координацияланган жана 2022-жылы Пекинде өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндары аяктаганга чейин башталган имиш.
Макалада кытайлар чек ара кызматынан тартып Украинанын Улуттук банкына жана темир жол администрациясына чейин бардык украин мекемелеринин маалымат талаасына кирүү жолун тандап алганы айтылат. Кытайдан кол салуулар Орусиянын Украинадагы атайын операциясы башталардан бир күн мурун, 23-февралда эң жогорку чегине жеткен. Мунун негизинде УКК булактары Кытайды Кремлди түз колдоп жатат деп айыпташууда.
Буга чейин Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бээжиндин орус-украин чатагынын курчушуна катышуусу тууралуу жалган маалымат таратуу аракеттери тууралуу эскерткен. 18-мартта Кытайдын лидери Си Цзиньпин Евробиримдик менен АКШны Москва менен европалык коопсуздук кепилдиги боюнча диалог баштоого чакырды.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg